Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 27.06.2014 10:40

Айыл турмушу: фото - Балыкчынын бир күндүк турмушу

Turmush -  Turmush басылмасынын кабарчысы балык уулоону жана үйрөнчүк балыкчылар кандай кыйынчылыктарга туш келерин өз тажрыйбасында байкап көрүүнү чечти.

Маалым болгондой, көпчүлүк балыкты тамак-аш иретинде колдонууну жактырыт. Аны кууруса, туздаса, кактап сүрсүтсө, ороп же көөмп бышырса да болот. Бул азык витаминге, минералдарга жана организмге керектүү майда элементтерге бай келет. «Негизинен балык алуу үчүн дүкөнгө барабыз, бирок ал сүрсүтүлгөн (ышталган), туздалган же тоңдурулган болсун анын жаңы экендигине кепилдек жок», - дейт ал.

Николай аттуу тажрыйбалуу балыкчы менен алдын ала сүйлөшүп алып, кабарчы баалуу эскертүүлөрдү алды. Балыкчы атайын курттарды казып алууну, катып калган нан жана буудай акшагынан же буудайдан жасалган өтө коюу боткону бираз кургатып алуусун айткан. Мындан тышкары, күн тийген жерде же курт-кумурскалар жана чиркейлер көп көлмөнүн жанында көпкө чейин жүрүүгө ыңгайлуу кийим кийүүсүн эскерткен. Аны менен катар балык уулоого көп убакыт кетерин белгилеп, өзү үчүн суу жана бутерброддорду даярдап алуусун айткан.

«Балык уулоо үчүн Ош шаарынын Жапалак айыл башкармалыгынын шаарга жакынкы айылына бардык. Советтер Союзу мезгилинен бери ал жакта балык уулоочу чарба сакталып калган экен. Анын территориясы бир нече гектар аймакты ээлеп, анда балык өстүргөн 10 анча чоң эмес көлмөлөр жайгашкан. Бул көлмөлөр үчүн малькаларды Өзгөн балык чарбасынан сатып алып турушат экен», - дейт кабарчы.

Ош балык өстүрүү чарбасынын жетекчиси билдиргендей, учурда балыктын саны Совет доорундагыдай өтө көп эмес, ошондой эле Оштун базарларында жаңы балыктын баасы башка жактан алынып келген балыктыкынан да жогору турагандыктан ага суроо-талап да төмөн. «Негизинен балыкты бир нече кафе жана ресторандар эле сатып алышат. Ошондой эле балык сатуучу жеке дүкөнүбүз бар. Башка жерлерде жергиликтүү балыкка талап жок. Күзүндө балык чоңойгондо Өзбекстанга жана башка аймактарга кармап алып кетишет», - деди Ош балык өстүрүү чарбасынын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×