Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 26.06.2014 12:50

Ошто жылуулук берүү мезгилине карата даярдык жүрүүдө

Turmush -  Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык Ошто жылуулук берүү мезгилине толук кандуу даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаардык мэриясынын шаар чарбасы, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Урали Раманов билдиргендей, Ленин көчөсүндө шаардык оорукананын жанында Ош шаарынын Жылуулук электр станциясынын магистралдык жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу иштери башталды.

Мындан тышкары, Ош Жылуулук электр станциясына 580 тонна мазут алынып келинди.

Урали Романовдун айтымында, иштердин бардыгы белгиленген тартипте аткарылууда. Ошондой эле Жылуулук электр станциясынын 3 казанынын экөө жылуулук берүү мезгилине толук даяр.

Учурда үчүнчүсүн даярдоо иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×