Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 26.06.2014 13:00

Ноокат районундагы борбордук базарда баш аламандык орун алып, санитардык абал начар

Turmush -  Ноокат районундагы борбордук базарда санитардык абал кайрадан мурдакы абалына келип калды, деп билдирди Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери Нурия Паизова.

Анын билдиргенине караганда базарда баш аламандык орун алып, мөмө жемиш, парфюмериялык каражаттар, тамак-аштар бир жерде сатылып, санитардык талаптарга абал таптакыр жооп бербейт.

«Ошондой эле базар ичиндеги ашкана, контейнерлерде жайгашкан тамактануучу жайлардын айрымдарында гана санитардык абал сакталган болсо, көпчүлүгүнда сакталбайт. Мындай абал Ноокат шаарында гана эмес, Н.Исанов, Жаңы- Ноокат, Мирмахмудов айыл аймактарындагы ашканалар дагы ушундай эле көрүнүш орун алган», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×