Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 26.06.2014 13:46

Ноокаттагы базар, кафелердеги анти-санитардык абал санэпид көзөмөл борборунун текшерүү жүргүзбөгөндүгүнөн болууда, - аким Б.Баратов

Turmush -  Ноокат районундагы базар, ашкана, кафе, чайканалардагы анти-санитардык абалдын келип чыгуусуна райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору системалуу көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнөн болууда. Бул тууралуу райондун акими Бекболот Баратов билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдады.

Анын билдирүүсү боюнча базардагы баш аламандыкка, же ашканалардагы анти санитардык абалга санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин дагы тиешеси болушу мүмкүн.

«Эмне үчүн бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлбөйт? Айып салынбайт, же болбосо жабылбайт? Демек, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору ошол жердин ээлерин жашырып жатышы мүмкүн», - деди Б.Баратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×