Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 26.06.2014 15:36

Ошто баңги затка каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өтөт

Turmush -  Ош шаарындагы Алымбек Датка этнографиялык комплексинде бүгүн, 26-июнь күнү саат 17:00дө баңги затка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата спорттук жана маданий иш-чаранын жеңүүчүлөрү үчүн сыйлык тапшыруу аземи болот. Бул туурасында Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бул иш-чара бүгүнкү эл аралык бангизатка каршы күрөшүү күнүнө карата бир ай мурун уюштурулган эле. Мында спорттук оюндар б.а футбол, теннис жана сууда сүзүү боюнча мелдештер болгон.

Ош шаардык мэриясы жана Мамлекеттик Бангизатка каршы көзөмөлдөө кызматы тарабынан жыйынтыгы чыгарылып утуш ээлерине белектер тапшырылат.

Кече чоң майрамдык программада өтүп гала-концерт менен коштолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×