Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 26.06.2014 16:02

Кыргызстанда ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу менен адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча семинар өттү

Turmush -  Ош шаарында «Эл аралык коргоого көмөк борбору» коомдук фонду КР өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлчүлүктүн, айыл башкармалыктары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин облустук, райондук башкармалыктарынын өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү. Бул тууралуу «Адам укуктары боюнча эдвокаси борборунан» билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор ЕККУнун Бишкектеги борбору иштелип чыгуусун колдогон 2013-2016-жылдардагы Улуттук программагага көмөктөшүү аракетинин экинчи фазасы болуп эсептелет.

Долбоор пландын бир бөлүгү катары а) кызыктар тараптарга адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча эффективдүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү; б) ведомстволор аралык координацияны күчөтүү, аны менен катар айрым ведомстволордун потенциалын колдоо; в) диалогду аймактык деңгээлде демилгелөөгө багытталары белгиленди.

Долбоордо пландалган ишмердүүлүк мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун (диний лидерлерди жана майда жеке ишканаларды кошкондо) билимин жогорулатууну көздөгөн кызыктар тараптарды максаттуу аракеттерге тартуу сыяктуу так зарылчылыктарга жооп берери маалымдалды. Ошондой эле, бул иш-чаралардын жалпы максаты - адамдарды сатуунун алдын алуу тармагында профилактикалык иштерди күчөтүү болуп саналат.

Маалым болгондой, семинар ЕККУнун Ош шаарындагы жергиликтүү бюросунун колдоосу менен «Кыргызстанда ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу менен адамдарды сатуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×