Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу 26.06.2014 17:30

Өлкө боюнча өрткө каршы күрөшүү кызматынын 21 куткаруу бөлүмү ачылды (фото)

Turmush -  Өзгөчө кырдалдаар министрлигине караштуу өрткө каршы күрөшүү кызматынын алдында жыл башынан бери же 1-этаптаөлкө боюнча 21 жерде куткаруу бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, 2-этапта 25 аймакта ачылуусу каралган. «Мында кооптуу абалдар, сел, суу ташкындары, жер титирөө, жер көчкү, өрт жана жер алдындагы куткаруу аракеттериндеги кырсыктарда жардам көрсөтүлөт», - деп билдирди А.Бекилов.

Ал мисал келтиргендей, Өзгөн райондук өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу кызматы бар. Бул бөлүм өрт кокустугунан сырткары, кырсык катталган учурларда куткаруу аракеттерин көрүүүчүн ачылган.

«Б0лүмдүн ачылганына 6 айдан ашуун убакыт болгон. Бул аралыкта 4 ирет куткаруу иштерине чыгып, өзүнүн натыйжасын берген», - деп кошумчалады басма сөз катчы.

IMG-20140626-WA0015

IMG-20140626-WA0011

IMG-20140626-WA0009

IMG-20140626-WA0008

IMG-20140626-WA0010

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×