Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 26.06.2014 17:51

Өзгөндө быйыл өрт кырсыгынан улам келтирилген чыгым 80%га азайган

Turmush -  Өзгөн райондук №53 өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу кызматынын жетекчиси Руслан Эргешов билдиргендей, былтыркыга салыштырмалуу райондо өрт кырсыгы 2%га азыраак катталып, келтирилген чыгымдар 80%га кыскарган.

Анын айтымында, былтыркы жылдын 1-кварталында 28 өрт кырсыгы катталса, быйыл бул убак ичинде 23 өрт кырсыгы катталды.

«Өзгөн районунда 400 миңден ашуун калктын коопсуздугун сактоо максатында №53 Өзгөн райондук өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу кызматынын 40ка жакын куткаруучусу күнү-түнү иш үстүндө», - деди ал.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар дайыма өрт же башка кырсыктар катталса ыкчам өчүрүү жана чара көрүү максатында машыгып турушат. Ошондой эле ар кандай кырсыктардын алдын алуу үчүн жеке турак үйлөрү жана мекеме, ишканалардын жетекчилери менен түшүндүрүү иштерин өткөрүп турушат.

Тема боюнча: Өлкө боюнча өрткө каршы күрөшүү кызматынын 21 куткаруу бөлүмү ачылды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×