Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусу, Ош 27.06.2014 10:00

Фото - Оштогу Совет мезгилинде кооздолгон көп кабаттуу үйлөр тарыхтын бир бөлүгүн камтып турат

Turmush -  Ош шаарынын ар бир кичи районунда көп кабаттуу үйлөр бар. Айрымдарынын бет маңдайында тарыхый окуялар, маданий баалуулуктар, Совет мезгилиндеги илимдин жана техниканын жетишкендиктери оюлуп түшүрүлгөн.

Үйлөрдүн маңдайкы бетиндеги таштардын живопистин түрдүү элементтери менен айкалышы — жаңы конуштарды кооздоонун патриоттук идеялар жана илимий ачылыштар өнүгүп турган тарыхый маанилүү мезгилдин советтик тренди.

Белгилей кетсек, Совет мезгилинде архитекторлор жана инженерлер көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүшүндө маанилүү окуялардын же мыйзамдуулуктун чагылдырылышына чоң маани беришкен.

Ал үйлөрдүн жашоочуларынын айтымында, таштардан жасалган кооздук ички гармонияга бөлөп, ар бир таштын табигыйлыгы, жумшактыгы менен формалардын жана фактуралардын колориттүүлүгү жагымдуу эмоция тартуулайт.

Аны менен катар көп кабатуу үйлөрдү таштар менен кооздоодо көп варианттар: кварцит, галька, кум таш, плитняк жана башка таштар колдонулгандыгы маалым. Үйлөрдүн бет маңдайындагы кооздуктар негизинен барельефтик түрдө келип, алдыга карай чыгып турат.

Белгилей кетсек, үйлөрдүн көпчүлүгү өткөн кылымдын 60-80-жылдарында курулган жана көп убактан жаан-чачындын, жайкы күндүн, топурактын чөгүшүнөн, материалдардын составдарына жараша жана башка факторлордун таасиринен улам көптөгөн сүрөттөр бузулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×