Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 27.06.2014 11:56

Өлкөнүн түштүгүндө 3 өрт кырсыгы катталып, 2 гектар чөп өрттөнүп кетти

Turmush -  Акыркы 24 саат ичинде өлкөнүн түштүк аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, 2 гектар чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылында жеке турак үйдүн короосунан өрт чыкты.

Өрттүн кесепетинен шифер менен жабылган 20 чарчы метр жыгач сере (бастырма) жана эмерек күйүп кетти. Белгилүү болгондой, өрткө электр зымдарынын тийишип кеткендиги себеп болгон.

Мындан тышкары, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөкан айыл аймагынын Учар айылында 1 гектар чөп өрттөнүп кетти.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын аба майданына алып баруучу Абдурахманов көчөсүндө да 1 гектар чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×