Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуНоокат району 01.07.2014 13:01

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында ички чарбалык жолдор оңдолуп бүттү

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылынын тургундары тиешелүү техникалардын жардамы менен ички чарбалык жолдорду оңдоо иштерин аякташты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргыз-Ата айылына айылдагы ички чарбалык жолдорду оңдоо максатында 932 литр күйүүчү май бөлүнүп берилген.

Ноокат райондук ӨКМ бөлүмүнүн башчысы Айбек Акулов билдиргендей, күндүн ысыгына байланыштуу Ноокат райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сууга түшкөндөрдүн арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, каналдардын кооптуу аймактарына көзөмөл уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×