Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 01.07.2014 13:15

Ош шаарында жолдордун аң-чуңкурларын жамоо иштери жүрүүдө, - Жол башкармалыгы

Turmush -  Ош шаарында жолдордун чуңкурларын жамоо иши жүрүүдө. Бул туурасында Ош шаардык жол башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакунов билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, шаардын батыш тарабы жана Абдыкадыров, Масалиев, Шакиров көчөлөрү оңдолууда. Андан кийинки жуманын башталышында оңдоо иштери Туран шаарчасында жана Күрөңкеев көчөсүндө жүрөт. Бул иштерге шаардык бюджеттин эсебинен 16 млн 900 миң сом каражат бөлүнгөн. Анын 1,5 млн сом каражаты батыш тараптагы кичирайонундагы жолдорго жана Ак-Буура дарыясынын оң жана сол тарабындагы жолдорго 15 млн 400 миң сом каражаты бөлүнгөн.

«Учурда жолдорлдун 7 миң 800 чарчы метр жер бүткөрүлдү. Анда 35 адам жана 6 самосвал, ошондой эле 7 фреза жана башка унаалары иштөөдө», - дейт С.Абдылдакунов.

Анын айтымында, сентябрь айында да жолдордун аң-чуңкурларын жамоо иштери уланытылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×