Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 01.07.2014 14:56

Ошто 450 бала мектеп алдындагы лагерлерде эс алышты

Turmush -  Ош шаарында 450 бала мектеп алдындагы лагерлерге барып эс алып келишти. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 1-класстан 6-класска чейин окугандар шаардын 13 мектеп арасында бөлүштүрүлгөн. Балдар үчүн лагерлерде маданий жана спорттук программалар уюштурулду.

«2010-жылдан бери шаардык балдар лагери июнь окуясында жабыр тарткандар менен толгон жана алар башка жай беримейинче имаратты бошотпой тургандыктарын билдиришкен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×