Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуАраван району 01.07.2014 18:00

Араван районунда күндүн ысыктыгынан 2700 га эгин аянты куурап калуу коркунучунда турат (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Араван районунда аба ырайынын өз нормасынан ашыкча ысыгандыгы жана сугат суунун тартыштыгынан улам Араван районундагы 2700 гектар эгин аянты куурап калышы мүмкүн. Бул туурасында Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Пайзулла Мырзабарамов билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, талаанын басымдуу бөлүгүнө пахта эгилген.

«Папан суу сактагычынан келген суунун көлөмү 10 күндөн бери азайып, райондун ылдыйкы аймактарына жетпей жатат. Дыйкандардын мээнети убал болбоосу үчүн суу таңкыстыгын жоюунун үстүндө иш жүрүүдө. Бирок жыйынтык чыкпай жатат», - дейт П.Мырзабарамов.

Ал белгилегендей, Араван районунун аймагында суу сактагычтын жоктугу көйгөйгө кошумча болууда. Облустук суу чарба башкармасына кайрылып Папандан суу алууга мажбур. 5 куб суу үчүн билдирме бергени менен 4 куб гана суу берилип жатат. Ал да жол бою уурдалып, райондун ылдыйкы зоналарына толук жетпей жатат.

IMG-20140701-WA0026

IMG-20140701-WA0025

IMG-20140701-WA0024

IMG-20140701-WA0022

IMG-20140701-WA0018

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×