Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу 01.07.2014 18:03

Ош шаарында социалдык коргоого муктаж 450 баланы эс алдыруу үчүн 144 миң сом бөлүндү

Turmush -  Ош мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 18-июндан 25-июнга чейин 10 күндүк мөөнөт менен мектеп алдындагы эс алуу аянтчалары уюштурулду.

Анда социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 450 бала эс алышат. Ага жергиликтүү бюджеттен 144 миң 100 сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү. Ошондой эле Ош областтык профсоюздар кеңешине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кесиптик кошуундарынын атынан «Жеткинчек» лагерине 90 балага билдирме (заявка) берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×