Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 01.07.2014 18:25

Ноокат районунда электр чубалгыларына тийип калган бак-бутактар кыйылат

Turmush -  Ноокат райондук электр тармагы күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү жана аны ийгиликтүү өткөрүү максатында 1-июлдан 26-июлга чейин жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларды (ВЛ-10 кВ) өчүрүп, тоскоолдук жараткан бак-дарактардын бутактарын кыят. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Малыматка ылайык, аталган иш-чарага кечээ, 30-июнда райондук администрация башчысы макулдугун берип, тиешелүү график түзүлүп, жергиликтүү бийликтерге таркатылып берилген.

Ноокат райондук электр тармагынын башчысы Исман Алимбеков билдиргендей, пландык тартипте жана жаан-чачын болгондо бак- дарактардын электр cымдарынын тоскоолдук жаратуусун жоюу максатында ишке ашырылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×