Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 02.07.2014 09:41

Жыл башынан бери түштүктө кылмышка шектүү делип изделип жаткан 17 адам кармалды

Turmush -  ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жыл башынан бери ар кандай кылмышка шектүү деп изделип жаткан 17 адам кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындан тышкары, 11 ок атуучу куралды жана курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо, 2 унаа транспортун уурдоо, 7 баңги заттарын мыйзамсыз сактоо, адам уурдоо, 4 адамдарды сатуу фактылары ачылды.

Аны менен бирге 7 алдамчылык, 6 пара алуу, 2 кызматынан кыянат колдонуу фактылары аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×