Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 02.07.2014 10:38

Ошто Туруктуу энергетика күндөрү өтөт

Turmush -  Кыргыз энергетика системасынын 80 жылдыгына арналган Европа Биримдигинин туруктуу энергетика жумалыгынын алкагында Ош шаарында 2-июлдан 4-июлга чейин туруктуу энегетика күндөрү өтөт.

Маалыматка ылайык, иш-чара улуттук кубаттууулукту үнөмдөө системасын жаңылоо, кубаттуулуктун майнаптуулуугун алдыга жылдырууга багытталган. Ошондой эле мэрлердин келишим демилгесин алдыга жылдырууда КРдагы мэрлеринин кубаттулукту үнөмдөө, кубаттуулуктун майнаптуулугу жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү шаарлардын алдыңкы тажрыйбаларынан кабардар болуу боюнча иш-чаралардын планын даярдоо тууралуу документке кол койгон шаарларга жардамдашуу ирээтинде өткөрүлмөкчү.

Эске сала кетсек, Ош шаары Европанын Мэрлердин келишими демилгесине кошулган Орто Азиядагы биринчи шаар болуп эсептелет. Аталган демилгенин максаты — кубатуулукту үнөмдөөчү жана кубаттуулуктун майнаптуулугу иш-чараларынын негизинде парник газдарынын зыяндуу чыгымдарын азайтуу болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×