Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 02.07.2014 10:43

Ош шаарында Туруктуу энергетика күндөрүнө Тажикстан жана Казакстандан өкүлдөр катышат

Turmush -  Ош шаарында 2-июлдан 4-июлга чейин белгилене турган Туруктуу энергетика күндөрүнөдолбоордун шериктеш өлкөлөрү - Кыргызстандан, Тажикстандан жана Казакстандан өкүлдөр келип катышат.

Ошондой эле, КР Энегетика министрлиги тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык техникалык жумушчу топ, ишмердүүлүгү түздөн-түз жашоо-тиричилиги менен байланышкан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, мэриянын тиешелүү кызматы, архитектура жана шаар куруу, турак жай-коммуналдык чарбасынын өкүлдөрү, жеке турак ээлеринин жамааты, үй комитеттеринин өкүлдөрү жана компаниялардын башчылары катышмакчы.

Белгилей кетсек, Кыргызтанда туруктуу энергетика күндөрү кубатуулукту өнүмдөө боюнча улуттук программаны жаңылоо процессинин алкагында өтүүдө.

Иш-чараны Энергетика жана өнөр жай министрлиги КР өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги, ошондой эле Ош шаарынын мэриясы, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы жана CASEP (Орто Азиядагы туруктуу энергетика программасы: энергиянын жаңыланып турууучу булактары жана энергиянын майнаптуулугу) долбоору менен менен биргеликте уюштурууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×