Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 02.07.2014 11:20

Ошто жылытуу сезонуна карата мектеп жана бала бакчалар үчүн 270 тонна көмүр даярдалды

Turmush -  Ош шаарындагы баардык мектептеринде жылытуу сезонуна даярдык көрүү алкагында шаардын 3 мектебине жана 2 бала бакчага 270 тонна көмүр даярдалды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, көмүрдү жеткирүү боюнча тендер 30-июнда өткөрүлгөн жана мектептерге, бала бакчага көмүр жеткирүү август, сентябрь, октярь айларында жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×