Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуНоокат району 02.07.2014 11:43

Ноокатта медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Ноокатрайондук маданият үйүндө бүгүн, 2-июнда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Ага Ноокат районунун аймагындагы оорукананын, «Медигос», «Барын» үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медицина кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана райондун акими Бекболот Айтиев катышты.

Медицина кызматкерлеринин урматына райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин, аймактык ооруканалардын кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программалар тартууланып, каалоо тилектер айтылды.
Аким Б.Айтиев белгилегендей, дүйнөдөгү эң бир баалуу эки кесип бар, бири адамды турмушка даярдаган мугалим болсо, бири ал адамдын ден соолугун тарбиялаган дарыгерлер.

Ал эми жергиликтүү кеңештин депуттарынын кошмо жыйынынын төрагасы Г.Аблуллаев жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Т.Зулпукаровдун район аймагындагы координатору вице-спикердин куттуктоо телеграммасы менен бирге бир топ жетекчилерге вице-спикердин ыраазычылык катын тапшырды.

Жыйын соңунда айрым медицина кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланды.

ноокат3

нокат

ноокат4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×