Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу 02.07.2014 13:07

Ошто өткөн тегерек столдо жарыкты үнөмдүү колдонуунун жолдору айтылды

Turmush -  Ош шаардык мэриясында бүгүн, 2-июлда өткөн тегерек столдо электр энергиясын эффективдүү пайдалунуунун жолдору боюнча сунуштар айтылды.

Бул боюнча энергоэффективдүү долбоорунун жетекчиси Пол Мулен буларга токтолду:

«Ошто жашоочулар электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланышпайт экен. Алсак, кышкы мезгилде үйлөрдүн терезелерин, тамдарын жылуулашпайт жана көп кабаттуу үйлөр СССР мезгилинде курулган бойдон. Терезелерди жылуулоо менен электр энергиянын 50 пайызын үнөмдөсө болот», - деди ал.

Ошондой эле, ал шаардыктар электр энергиясы - бул акысыз нерсе эмес экенин түшүнүп, сарамжалдуу колдонуусу керектигин айтты.

Кошумчалай кетсек, электр энергиясына байланышкан маселелерди талкуулаган тегерек стол 3 күнгө созулат.

Тема боюнча: Ошто энергетика маселесин талкуулаган тегерек стол өтүүдө (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×