Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 02.07.2014 14:08

Ошто газдын жоктугана байланыштуу электр жарыгын колдонуучулардын саны көбөйдү, - Энергетика министрлигинин өблүм башчысы

Turmush -  Ош шаарында жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу калк электр энергияны көп пайдаланууда. Бул туурасында бүгүн, 2-июнда Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Чолпонкулов Ош шаарында өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, мындан улам шаарда жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы зымдарды алмаштыруу иштери жүрүүдө.

«Элдерди жарык менен камсыз кылууда үзгүлтүккө учуратуу болбойт деп ишендирип кетем. Бирок колдонуучулар да электр энергиясын колдонууда үнөмдөөсүн суранам. Анткени, учурда колдонуучулардын көпчүлүгү жеке үйлөр болгондуктан тамак-аш жана башка нерселерге көп энергия коротуп жатат», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жаратылыш газдын жоктугуна бүгүн, 2-июль күнү 80 күн болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×