Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 02.07.2014 16:06

Ошто «Деу-Матиз» унаасын уурдап кеткен жаран кармалды

Turmush -  Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүнүн №55 үйүнүн жанынан 30-июнь күнү саат 23:30дар чамасында белгисиз атуулдар Кара-Суу шаарынын тургуну 1987-жылы туулган И.А.га таандык «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү, мамлекеттик номери О 7235 ОА болгон автоунааны уурдап айдап качкан.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иш-чаралардын негизинде, кечээ, 1-июль күнү Ош шаардык ИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе, кылмышка шектүү болгон Ош шаарынын тургуну 1970-жылы уулган А.А. кармалган.

Жогоруда көрсөтүлгөн факт Ош шаардык ИИБнын кылмыш каттоо китепчесине Кылмыш жаза кодексинин «Автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу» беренеси менен катталып, азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×