Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу 02.07.2014 16:43

Оштогу «Алтын уя» балдар үйүнө музыкалык жабдуулартапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 2-июль күнү Ош шаарынын «Алтын уя» балдар үйүнө пианино музыкалык жабдуусу берилди. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, пианино үчүн шаардык мэриянын резервдик фондунан 24 миң 700 сом акча каражаты ажыратылган. Ага коротулган сумманын калган бөлүгү демөөрчүлүк жардам иретинде «Жаш Ишкерлер Ассоциациясы» тарабынан берилди.

Аталган балдар үйү 2006-жылдан баштап иштеп келе жатат. Бүгүнкү күндө аталган балдар үйүндө социалдык жактан муктаж болгон 12 жаш өспүрүм балдар тарбияланып келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×