Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 02.07.2014 18:28

Ош мэриясы кесиптик майрамына карата эмгек сиңирген медицина кызматкерлерине сыйлык тапшырат

Turmush -  Ош шаардык мэриясында эртең, 3-июлда саат 10:00дө медицина кызматкерлерине кесиптик күнүнө карата медицинанын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлык тапшыруу салтанаты болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземине үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, шаардык төрөт үйүнөн, шаардык аймактык ооруканадан, башка медициналык мекемелерден, ошондой эле Ош шаарынын медициналык окуу жайларынын эмгек сиңирген мугалимдери катышмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×