Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 03.07.2014 11:26

Ош Жол кайгуул кызматынын облустук башкармалыгы 78 жылдыгын белгилейт

Turmush -  Ош облусунда бүгүн, 3-июлда облустук жол кайгуул кызматы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 78 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын Ош облустук башкармалыгынын пропагандалоо жана үгүттөө бөлүмүнүн башчысы Азиз Пазылов билдирди.

Анын айтымында, майрамга карабастан бардык кызматкерлер күнүмдүк режимде иштеп жатышат.

«Жол кайгуул кызматынын кызматкери ар дайым формада болуп, милдетин так аткарыш керек. Коомдук жана жеке транспорттун, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо андан көз каранды», - дейт А.Пазылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×