Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 03.07.2014 12:06

Ош шаарында 23 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майыптардын коляскалары таркатылды (фото)

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 2-июль күнү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майыптардын коляскалары таркатылды . Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан маалым болгондой, 2014-жылдын 1-июль күнү аталган башкармалыкка 23 жаран коляска алуу үчүн кайрылган. Буга байланыштуу кечээ күнү 16 коляска чоң адамдарга, ал эми жетөө жаш балдарга таркатылды.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов катышты. Маалыматка ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү коляскалары менен камсыздоо 5 жылда бир жолу берилет.

3 07 2014_коляски 1

3 07 2014_коляски 2

3 07 2014_коляски 3

3 07 2014_коляски 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×