Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 03.07.2014 14:53

Ошто акыркы мезгилде медицина тармагы атаандаштыкка өтүп, жеке менчик медицина мекемелери кучак жая баштады, - мэр А.Кадырбаев

Turmush -  Акыркы мезгилде медицина тармагы атаандаштыкка өтүп, жеке менчик медицина мекемелери шаарда кучак жая баштады, деп билдирди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйында.

Анын айтымында, шаарда мамлекеттик медициналык мекемелер менен катар 2 жеке кардио борбор жана төрөт үйү иш алып барууда. Ошондой эле, андагы кызматкерлерге төлөнгөн айлык акынын жогору экендигин айтып, талаптын да бийик экендигин белгиледи. Ага карабастан аларды көзөмөлдөп туруу керектигин айткан мэр «карапайым калктын ден соолугуна сиз менен биз - баардыгыбыз жооптуубуз. Шаарыбыздын медицина жетекчилери биздин сөздөрүбүздөн тиешелүү жыйынтык чыгарат деген ойдобуз», - деди.

Аны менен бирге Ош шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык – техникалык базасын чыңдоого өз мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошуп келаткандыгы белгиленди.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Кытай Эл Республикасынын жардамы менен Ош шаардык аймактык ооруканага 150 койка берүү жана 6,5 млн доллардык долбоор түзүлүп, курулуш ишин баштоо пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×