Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 03.07.2014 15:31

Ош шаарынын борбордук базардагы 108 кичи базардын жерди колдонууга мамлекеттик актысы жок

Turmush -  Ош шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, борбордук базарда жеке объектилердин чеги белгиленүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарынын арызынын негизинде жана Ош шаардык мэриясынын үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда кабыл алган токтомун ишке ашыруу максатында биринчи вице-мэр Замир Аскаров жетектеген комиссия тарабынан шаардын борбордук базарындагы жеке кичи базарлардын чегин аныктоо иши башталган.

«Борбордук базарда аталган иш жарандардын бул маселе боюнча жеке кайрылууларынан улам башталды», - деди З.Аскаров.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында кечээ, 2-июлда мамлекеттик акт боюнча 16 объект аныкталды.

Ош шаардык мэриясынын өндүрүш жана жеке ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Алик Мурзалиевдин билдирүүсүндө жалпысынан борбордук базарда 194 жеке объект бар. Алардын ичинен 86сынын жерди колдонуу боюнча мамлекеттик актыга ээ. Ал эми 108инде техпаспорт, соттун чечими жана мэриянын токтому гана бар.

Белгилей кетсек, комиссиянын мүчөлөрү тарабынан борбордук базардагы кичи базарлардын чегин аныктоо иши мындан ары да улантылмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×