Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 03.07.2014 15:54

Ош шаардык кеңешинин төрагасы У.Примов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Turmush -  Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов бүгүн, 3-июлда медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, деп билдирет шаардык кеңештин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага ооруканалардын башкы дарыгерлери жана эмгек сиңирген медицина кызматкерлеринен турган 15 медициналык кызматкер чакырылган.

У.Примов аларга ден-соолук жана жумушунда чыдамкайлуулук, үй-бүлөлөрүнө ынтымак каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×