Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу 03.07.2014 16:01

Өткөн суткада түштүк боюнча 5 өрт кырсыгы катталды, негизинен кургак чөптөр өрттөндү, - ӨКМ

Turmush -  Өткөн 24 саат ичинде түштүк боюнча 5 өрт кырсыгы катталды, негизинен кургак чөптөр өрттөндү, деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Тельман жер тилкесинде 30 чарчы метр кургак чөп өрттөнүп кетти.

Ошондой эле, Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын аба майданынын айланасында 1,5 гектар кургак чөп өрттөнүп кеткендиги маалым болду.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын «Спутник» кичи районундагы курулуш аянтында 50 чарчы метр кургак чөп күйүп кетсе, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын Кара-Чолок айылынан шифер менен жабылган 34 чарчы метр жыгач бастырма жана 800 таңгак кургак чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×