Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 03.07.2014 16:48

«Сулайман-Тоо – Ак-Буура» шаардык муниципалдык ишканасы дарыянын жээгинде жашагандардын арасында рейд жүргүздү

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 2-июлда «Сулайман-Тоо – Ак-Буура» шаардык муниципалдык ишканасы жээкте жашаган тургундар тарабынан жасалган айрым туура эмес иш-аракеттерди аныктоо максатында рейд өткөрдү. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо – Ак-Буура» шаардык муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлери менен Ош шаарынын башкы экологу Мамат Бектемиров жана эколог Санжар Асановдон турган атайын комиссия түзүлүп, рейд жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жашоочулар арасында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Эреже бузуулар катталган учурларда аны жоюу боюнча актылар түзүлгөндүгү маалымдалды.

Белгилей кетсек, Ош көчөсү 15 дарегиндеги үйдүн чатырынан кир суулар Ак-Буура дарыясына куяры аныкталды. Ошондой эле №13 жана №11 үйлөрдүн пайдубалынан кир суулар үчүн түтүк коюлган.

Мындан тышкары рейддин жүрүшүндө дарыянын жээгинде палас жана килемдерин жууган тургундар аныкталды. Аны менен катар автоунаалардын чанагын жана дөңгөлөктөрүн жууган учурлар белгиленди.

«Мындай туура эмес иш-аракеттер экологиянын бузулушуна жана Ак-Буура дарыясынын тазалыгына олуттуу таасирин тийгизет. Биз суунун мындай табигый булагын баалап, коргошубуз керек», - деп билдиришти башкармалыктан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×