Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 03.07.2014 17:34

Ошто мамлекеттик ишмер А.Масалиевдин эстелигинин ачылышы эртең болот

Turmush -  Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин эстелигин ачуу аземи эртең, 4-июль күнү саат 9:00дө болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аземге шаар жетекчилиги жана инсандын жакын санаалаштары катышат.

Андан тышкары, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашов жана президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары келүүсү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Ош облусунун Кадамжай районунда туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×