Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 03.07.2014 17:46

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде жашоочулар тарабынан санитардык тартип бузуу фактылары аныкталды

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 2-июль күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде жашоочулар тарабынан санитардык укук бузуу фактысы аныкталган. Бул туурасында «Сулайман-Тоо-Ак-Буура» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Анын берген маалыматы боюнча, 2-июль күнү аталган ишкана тарабынан атайын комиссия түзүлүп, рейд жүргүзүлгөн. Рейддин жүрүшүндө Ак-Бууранын жээгинде жашоочулар тарабынан палас жана килемдер, ошондой эле автоунааларды жууган фактылар катталып, санитардык укук бузуулар туурасында актылар түзүлдү.

Ошондой эле, суунун жээгинде жууну жана кандайдыр бир буюмдарын жууп тазалоо санитардык нормага каршы келээри түшүндүрүлдү.

«Мындай укук бузуулар дарыяны булгап, экологиянын булганышына алып келүүдө. Биз мындай баалуу нерселерди сакташыбыз керек», - деп билдиришет муниципалдык ишканадан.

Тема боюнча: Оштогу Ак-Буура дарыясында жашоочулар палас жана килемдерин жууп жатышат (фото)

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×