Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу 04.07.2014 09:30

Ошто мамлекеттик ишмер А.Масалиевдин эстелигинин ачылыш аземи өтүүдө

Turmush -  Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин эстелигин ачуу аземи бүгүн, 4-июль күнү саат 9:00дө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын билдиришинче, аземге шаар жетекчилиги жана инсандын уулу Исхак Масалиев жана башка жакын санаалаштары катышууда.

Андан тышкары, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашов жана президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары келүүсү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Ош облусунун Кадамжай районунда туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×