Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 04.07.2014 10:32

Президент А.Атамбаев: Бүгүн Кыргызстан Абсамат Масалиевичтей жаратман, таза, чынчыл инсандарга муктаж

Turmush -  Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында КР президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигин ачуу аземинекатышып, президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоодо,

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эл баатыры, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак.

Абсамат Масалиевич кыргыз элинин көрүнүктүү атуулу, чыныгы мекенчил, таза инсан катары элдин эсинде калды. Агабыз турмуштун бардык оорчулугуна чыдап, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен.

Көп жылдар бою Кыргызстан коммунисттик партиясын жетектеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары чындыкты бетке айтып, өлкөнүн тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөшүп келген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон.

Абсамат Масалиевичтин өмүр жолу, жасаган эмгеги - Мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү. Агабыздын басып өткөн жолун улуу мекендешибиз Исхак Раззаковдун: «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот», деген сөзү таасын туйундурат. Агабыздын артында жакшы аты, жасаган эмгеги калды. Кыргыз эли мындай уулдарын эч качан унутпайт.

Бүгүн Кыргызстан Абсамат Масалиевичтей жаратман, таза, чынчыл инсандарга муктаж. Абсамат агабыздын жаркын элеси ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Жаш муундарга - мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет!», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×