Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 04.07.2014 11:50

Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгинде экологиялык коркунуч жараткан көп өлчөмдөгү таштанды табылды

Turmush -  Бүгүн, 4-июль күнү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан «Асай» ЖЧКсынын короосунда көп өлчөмдөгү жана көптөн бери алынбай, экологиялык жана санитардык коркунуч жараткан таштандылараныкталды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын алдындагы «Сулайман Тоо-Ак-Буура» муниципалдык мекемесинин башкы экологу Мамат Бектемиров билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, аталган ишкананы ээси Пазыл Сатыкеев жетектеп, ушул күнгө чейин эскертүүлөрдү аткарбай келет.

«Аталган фирмага эскертме кагаздар мындан эки ай мурун берилген, ага карабастан ишкана ушул күнгө чейин айланага жана Ак-Буура дарыясына таштандыларды төгүп, тазалабай жатат. Таштандынын суулары дарыяга агып түшүп, суу булганат. Имаратта мындан тышкары унаа оңдоочу устакана, пластик эшик терезелерди жасоочу жана башка фирмалар жайгашкан», - дейт М.Бектемиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×