Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАраван району 04.07.2014 11:59

Араван районунун борбордук ооруканасы капиталдык оңдоп-түздөө иштерин сатып алуу боюнча тендер жарыялайт

Turmush -  Ош облусуна караштуу Араван районунун борбордук ооруканасы капиталдык оңдоп-түздөө иштерин сатып алуу боюнча тендер жарыялайт.

КРнын мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, оорукананын травматология жана гинекология бөлүмдөрүнө капиталдык оңдоп-түздөө талап кылынат. Ошондой эле канализация жана санитардык-техникалык каражаттарды капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, унитаз жана жуунгуч орнотуу керек.

Тендерге арыз берүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда аяктап, чектөөсүз сатып алуу ыкмасында жүргүзүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×