Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу 04.07.2014 12:18

Оштун жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасы 8,2 млн сом суммасына электр жабдууларын оңдоп-түздөөдөн өткөрдү

Turmush -  Оштун жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасы үстүбүздөгү жылдын 5 айында 8,2 млн сом суммасына электр жабдууларын оңдоп-түздөөдөн өткөрдү. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр түйүнү» ААК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Памир» көмөкчордонунда өткөн кышта ашыкча жүктөмгө учураган күч берүүчү трансформатор алмаштырылды. «Кызыл-Кыя-2» көмөкчордонунда бат-баттан жабдуунун өчүп калышына алып келген ашыкча жүктөмдөн улам жаңы кубаттуу трансформатор коюлду.

«Учурда Кыргызстандын улуттук электр түйүнүнүн Ош филиалынын энергетика кызматкерлери жабдууларды оңдоп-түздөө иштерин жыйынтыктабайт. Үстүбүздөгү жылдын 3-кварталында «Ноокат» жана «Ош-6» көмөкчордондору реконструкцияланып, тиешелүү иш-чаралар аткарылат», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×