Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 04.07.2014 13:11

Бир нече эскертүүлөргө карабай, Ак-Буура дарыясынын жээгине таштанды төккөн «Мадина» базарынын жетекчилигине айып салынат (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүнүн сол тарабында жайгашкан жана Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги «Мадина» базарынын этегинде таштандылардын жатканы кечээ, 3-июль күнү рейд учурунда аныкталды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын алдындагы «Сулайман Тоо-Ак-Буура» муниципалдык мекемесинин экологу Мамат Бектемиров билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, буга чейин бул таштандылар боюнча бир нече ирет эскертме кагаздары берилип, Ош шаардык мэриясынын административдик комиссиясынын чечими менен материалдар түзүлүп, базардын жетекчилигине айып пул салынган.

«Ага карабай таштандылар бүгүнкү күнгө чейин алынбай турат. «Мадина» базарынын ээси Кубаныч Аматовго карата 2013-жылы да 5 миң сом айып пул салынган, ал эми бүгүнкү фактынын жыйынтыгы чыкса көп өлчөмдө айып пул салынышы мүмкүн», - дейт М.Бектемиров.

Ал кошумчалагандай, бул таштанды жамгыр жааганда дарыяга агып түшүп, санитардык жана экологиялык коркунуч жаратат. Анткени, дарыядан адамдар суу ичет жана андагы балык жандыктарга залал тийиши мүмкүн.

IMG-20140704-WA0028

IMG-20140704-WA0027

IMG-20140704-WA0026

IMG-20140704-WA0025

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×