Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуНоокат району 04.07.2014 16:03

Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунун кээ бир аймактарында эртең электр жарыгы өчүрүлөт

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунун кээ бир аймактарында эртең, 5-июль күнү электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында «Ошэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, электр жарыгы Ноокат районундагы Мирмахмудов, Зулпуев айылдык аймактарында жана Ноокат шаарында болбойт. Ал эми Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа жана Кара-Кочкор айылдык аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Жарык өчүрүү пландык-оңдоо иштерине байланыштуу. Анда электр зымдары жана электр жабдуулары алмаштырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×