Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 04.07.2014 16:48

Ош шаарында коммуналдык чарбаларга болгон дебитордук карыздарды аныктоо жана жоюу боюнча комиссия түзүлдү

Turmush -  Ош шаардык мэриясында коммуналдык чарбаларга болгон дебитордук карыздарды аныктоо жана жоюу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын шаар чарбасы, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүнөн билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаардык мэриясынын 11-июлдагы №292/б буйругуна ылайык 13-июнда Ош шаарынын коммуналдык кызмат көрсөткөн кызматтары жана ведомстволору арасында дебитордук карыздарды аныктоо боюнча комиссиянын иштөө планы түзүлгөн.

Комиссияны шаардын вице-мэри Абдырахман уулу Кутманалы жетектеп, бүгүнкү күнгө чейин «ОшЖЭБ», «Жылуулук менен камсыздоо», Ош шаардык «Сууканал» жана «Энергия сатуу» муниципалдык ишканасында текшерүү жүрдү.

Мындан тышкары, комиссия 12 аймактык кеңештин жана аймактык комитеттин калкы менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×