Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 04.07.2014 17:36

Газпромдун «Ошгаз» филиалынын дебитордук карызы 440,1 сомду түздү

Turmush -  Ош шаардык мэриясынын алдында калктын коммуналдык кызматтарга болгон дебитордук карыздарын аныктоо жана жоюу максатында түзүлгөн комиссия шаардын ишкана жана уюмдарынын дебитордук карыздары боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасында 190 миң сом суммасындагы дебитордук карыз аныкталды.

«Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасында 660 абоненттин иши сотко берилгендигинин жыйынтыгында 6,06 млн дебитордук карыз аныкталып, 448,8 млн сому табылды.

Ош шаардык «Энергия сатуу» колдонулган энергия үчүн 516 миң сом карызын төлөбөгөн абоненттерге 96 акт түзүп, 102,2 миң сом жоюлгандыгы маалым болду.

«Кыргызгазпром» ЖЧКсынын «Ошгаз» филиалынын июлдун башына болгон дебитордук карызы 440,1 сомду түздү.

Ал эми «ОшЖЭБ» муниципалдык ишканасынын карызы 470,6 миң сом экендиги белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×