Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу 04.07.2014 18:22

Ошто Кыргызстандагы адам укуктары боюнча жылдык жыйнактын бетачаары болот

Turmush -  Ошто 8-июлда «Кыргызстанда адам укуктары боюнча жылдык жыйнактын» бетаачары болот. Бул тууралуу «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» бейөкмөт уюмдарынын ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, адам укуктарын сактоо жана алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо максатында уюштурулган адам укуктары боюнча кеңеш 2005-жылы Кыргызтанда түзүлүп, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын, ЖОЖдордун, ММКнын өкүлдөрүнөн турат.

«Анда бир жыл ичиндеги өлкөдөгү адам укуктары тармагындагы кырдаалды чагылдырат. Жыйнактын авторлору арасынан эң актуалдууларын карап чыгып, мамлекеттик бийлик органдарды жана бейөкмөт уюмдарды анализдөөгө чакырып, аныкталган адам укуктарынын бузулушун жоюу боюнча сунуштарын киргизишет», - деп айтылат маалыматта.

Ошто өтө турган бул иш-чарада Кыргызстандын айылдык аялдарынын саясий жана коомдук жашоого аралашууусунда болгон тоскоолдуктар; заманбап Кыргызстандагы социалдык жетимдик; «чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×