Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуНоокат району 04.07.2014 18:44

Ноокат районунун мал чарбасында 56 миңден ашуун ири мүйүздүү мал бар

Turmush -  Ноокат районунун мал чарбасында 56 691 баш ири мүйүздүү мал болсо, анын ичинен сааны 31 907 башты түзөт. Бул тууралуу Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Мухаметхалил Турдуев билдирди.

Анын айтымында ири мүйүздүү малдын ичинен топоз 373 баш болсо, анын ичинен тубары 172 башты түзөт. Кой-эчки 148 875 баш, жылкы 10 035 баш, тоок 162 479 башты түзөт.

«Биз Ноокат районундагы ветеринардык дарыгерлерден малдарды ар кандай оорулардан алдын алуу менен эмдөөнү өз убагында жүргүзүүсүнө багыт берип жатабыз», - дейт М.Турдуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×