Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуНоокат району 04.07.2014 18:54

Ноокат районунда жайыт пайдалануучулар бирикмелерине 2014-жылга 4863,6 миң сом каралган

Turmush -  Ноокат районунда жайыт пайдалануучулар бирикмелерине 2014-жылга 4863,6 миң сом каралса, бүгүнкү күндө 2216,5 миң сом жыйналып, 45,6 % аткарылды. Бул тууралуу Ноокат райондук Агрардык өнүктүрүү башкармасынын башкы адиси Н.Исакова билдирди.

Анын айтымында бул каражаттардын ичинен жер салыгы 209,3 миң сом, инфраструктураны жакшыртууга 1049,0 миң сом, сапар чыгымы 61,1 миң сом, башка чыгымдарга 234,7 миң сомдук иштер аткарылды.

Мындан тышкары 30,7 чакырым жол, 9 даана булак оңдолду, 3 даана көпүрө курулуп, 30 гектар жер аянтына дарактар отургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×