Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 05.07.2014 12:13

Ош шаардык кеңеши көрктөндүрүү, ирригациялык системалар менен борбордук эмес көчөлөрдү оңдоо жана жашылдандыруу тапшырмасын берди

Turmush -  Ош шаардык кеңеши «Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы боюнча комбинатын» шаардын парктарында, эс алуучу жана башка жайларында гүлдөр менен көчөттөрдү кароону жакшыртууга милдеттендирди.

Мындай чечим «Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы боюнча комбинаты» муниципалдык ишканасынын шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзгөн иш-чаралары тууралуу маалыматы угулгандан кийин кабыл алынды.

Ошондой эле, депутаттар көрктөндүрүү иш-чараларын жүргүзүү, ирригациялык системалар менен шаардын борбордук эмес көчөлөрүндө оңдоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×