Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 05.07.2014 14:48

Ош шаардык кеңеши мэрияны Төлөйкан айылындагы бала бакчанын 1,5 сотых аянтын кайтарып берүүгө милдеттендирди

Turmush -  Ош шаардык кеңеши Ош шаарынын мэриясына Төлөйкан айылынын Ж.Мамытов көчөсүндөгү бала бакчага 1,5 сотых жер аянтын кайтарып берүүнү милдеттендирди.

Мындай чечим, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси А.Кадыровдун маалыматы угулгандан кийин чыгарылды.

Ал эми, шаардык кеңеш Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын аткарган иштери тууралуу отчётун канаттандыраарлык деп тапты.

Эске салсак, мурдараак Ош шаардык кеңешинин «Улуттар биримдиги» фракциясынын депутаты Данияр Абдуллаев Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен Мамкаттоого Төлөйкан жана Тээке айылдарындагы питомниктердин мамлекеттик актысын камсыз кылууну тапшыруу зарыл экендигин билдирген.

Анын маалыматы боюнча, Төлөйкан айылындагы питомниктин аянты мурда 20 га болсо, учурда ал аянттын 4 га гана калган. Ал эми, Тээке айылындагы аянт 19 га болсо, учурда ал жерде дагы жердин аянты кыскарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×