Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 07.07.2014 10:35

Ошто шаардык оорукананын ичинде мечит ачылды (фото)

Turmush -  Ош шаардык ооруканасынын ичинде 5-июль күнү мечит ачылып, элдер үчүн намаз окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чарада айтылгандай, мечит 100дөн ашык адамга ылайыкташтырылып, ал Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан курулган.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Султанов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Сатд Баюми, Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов, Ош шаарынын казысы Убайдылла Сарыбаев, ошондой эле оорукананын жетекчилиги жана коомчулук катышты.

«Ооруканага мечиттин ачылышы жакшы жөрөлгө, элге да жакшы шарт түзүлдү», - дейт Т.Зулпукаров.

Мечит 2013-жылдын күз мезгилинде башталган, анын жанына дары-дармек жасоочу дарыканада да ачылды. Ал имараттын 20%ын Ош шаардык мэриясы колго алаарын вице-мэр Ильич Эргешов белгиледи.

мечит 3_1

мечит 1

мечит 2

мечит 7

меччит лента

мечит 8

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×